Мен айтайын эмкисин,
Уруят заман белгисин.
Кылычтын өттү «Зар Заман»,
Андан кийин мен жазган,
А дагы өттү «Хал заман».
Үстүндө азыр турабыз
Мына бу турган «Тар Заман».
Артыкча кыргыз элине
Эң эле кор-кор заман.
Эми болот тең заман,
Эң эле зор кең заман.
Ушул жерден кыскарттым,
Уруят заман баянын.
Сөзүм бүттү тамамат,
Дуба кылып кол жайгын,
Кудайга жаны аманат.
Уруятты чыгарган,
Узун болсун өмүрү,
Узарсын Ленин азамат!
visitors can't see pics , please
register or
login